Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн тарыхы

    Отуз-Адыр айыл аймагы Ош облусунун чыгыш тарабындагы Кара-Суу районунда айыл жергенсинде жайгашкан. Аймак чыгыштан Ала-Тоо айыл аймагы, түштүк жана түштүк-чыгыштан Баш-Булак айыл аймагы, батыштан Мады айыл аймагы, түндүк-батыштан Жоош айыл аймагы жана Кара-Суу шаары, түндүктөн Савай айыл аймагы менен чектешет. Айылдык аймактын борбору – Отуз-Адыр айылы. Отуз-Адыр айыл аймагында 2024-жылга карата кожолуктун саны 5061, алкынын саны 31174 

    Отуз-Адыр айыл аймагында жалпы билим берүүчү мекемелер мектептердин саны 14, мектепке чейинки билим берүү мекемелери бала бакчалардын саны 10.

    Кара-Суу районунун борбору Кара-Суу шаарынан алыстыгы 14 км, Облустук борбору Ош шаарынан алыстыгы 18  км. Борбордон алыстыгы 675 км.

    Отуз-Адыр айыл аймагынын калкы негизинен мал чарбасы жана дыйканчылык, жер иштетүү менен эмгектенишет.

    Айыл аймагы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгынын негизинде Сары-Колот айыл өкмөтү менен Отуз-Адыр айыл өкмөтү бириктирилип, 2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттоодон өтүп Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл өкмөтү түзүлгөн. Отуз-Адыр айыл аймагынын курамында 16 статусу бар айыл, 6 статусу жок айыл (калктуу конуш) бар. Атап айтсак: Кызыл-Абад, Кара-Дөбө, Отуз-Адыр, Шерали, Бөрүлүк, Ак-Колот, Сары-Колот, Курбан-Кара, Тынчтык (Сары-Колот), Тынчтык (Отуз-Адыр), Присавай, Жаңы-Кызыл-Суу, Кыш-Абад, Савай-Арык, Ынтымак, Фархад айылдары жана Беш-Кепе, Кожом-Бак, Чоок, Казак, Зымырык жана Тойчу статусу жок калктуу конуштары.

    Айыл өкмөттүн алдында 2 муниципалдык ишкана бар. Алар: “Отуз-Адыр Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жана “Отуз-Адыр-Тазалык” муниципалдык ишканасы.

    Айыл өкмөттө штат боюнча 13 кызматкер, 8 келишимдин негизинде иштеген кызматкерлер жана 13 айыл башчы эмгектенет. Ошондой эле маданият тармагында 1 маданият үйүнүн мүдүру, 2 китепкана башчысы эмгектенет.

    Айыл өкмөттүн структурасы боюнча 1 айыл өкмөт, 1 орун басар-жооптуу катчы, 1 бөлүм башчы (бухгалтер) 4 башкы адис, 3 жетектөөчү адис, 3 адис шттык бирдиктер бекитилген.

Scroll to Top